Майлуу-Суу шаарына 6 850 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаары боюнча 8 035 керектөөчү катталса, алардын ичинен 6 850 турмуш-тиричилик абоненттери акылдуу эсептегичтер менен камсыздалды. Эсептегичтер быйыл март айынан тартып орнотулуп, толук автоматтык дистанциялык башкарууга өткөрүлдү. Бул система керектөөчүлөрдүн үйүнө кирбей эле, эсептөө процессин онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт. Шаар тургундары мындай санариптик жаңыланууну ыраазычылык менен кабыл алышты.
Мындан тышкары Майлуу-Суу РЭТи төмөнкү оңдоо жана капиталдык жаңылоо иштерин аткарды.
Алар:
— 50 даана трансформатор жана 170,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
— 10 даана трансформатор жана 6,7 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү;
— Эскилиги жеткен 44 даана жыгач мамыча жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
— Аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 126,96 чакырым трасса боюнча бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылды;
— 2025-жылга пландалган кошумча 1 даана КТП орнотулуп, 0,6 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы курулуп, пайдаланууга берилди.
Белгилей кетсек, учурда бүткөрүлгөн иштердин негизги максаты — Майлуу-Суу шаарына электр энергиясын үзгүлтүксүз, коопсуз жана сапаттуу жеткирүү, ошондой эле шаардыктарга көрсөтүлүүчү кызматтын деңгээлин жогорулатуу.
Өткөн жума соңунда Майлуу-Суу РЭТинин жаңы кызматтык имараты расмий түрдө ишке берилди. Буга чейин кызматкерлер бала-бакчанын эски имаратында иш жүргүзүп келишкен. Жаңы кеңсе керектөөчүлөрдү кабыл алуу үчүн ыңгайлуу, жылуу, заманбап шарттар менен жабдылган.



