7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто 86 жыл мурда салынган эски оорукананын ордуна жаңы имарат курулат

20

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов менен биргеликте бир катар курулуш объектилериндеги иштин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш министри иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы Дунларов көчөсү 27 дарегинде жайгашкан эски оорукананын абалы менен таанышты. Эскилиги жеткен оорукананын ордуна жаңы имарат курулат. Учурда долбоор даярдалып, 1939-жылы курулган эски имаратты бузуу иштери башталды.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулуш аянты – 892,4 м², кабыл алуу бөлүмүнүн курулуш аянты – 160,0 м².

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Долбоорго ылайык, оорукана эки блоктон туруп, дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, эски оорукананын имаратынын курулганына 86 жыл болсо, жугуштуу оорулар ооруканасы жана кургак учук диспансери 1965-жылы курулган.

21