7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош аэропортунан мыйзамсыз акча алмаштырып жаткандар кармалды

341

Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштырган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин Аба транспорт бөлүмүнүн кызматкерлерине Ош эл аралык аэропортунун аймагында тийиштүү уруксат берүүчү лицензиясы жок, мыйзамсыз акча алмаштырып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат каттого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында тийиштүү укук берүүчү лицензиясы жок акча алмаштырып жүргөн 1994-жылы туулган К.уулу А. жана 1979-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар аныкталды.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 299-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк тарабынан 17 500 сом айып пул салынды.

342