7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев: Ашыкча текшерүүлөр жана административдик жол-жоболор алынып салынсын

19

Бүгүн, 17-ноябрь Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 2025-жылдын августунда башталган эки чакырыктын жыйынтыгын тааныштырды.

Биринчи чакырык жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Адылбек Касымалиев Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар облустарда калктын санынын тез өсүшү мамлекеттик мектептердин олуттуу түрдө ашыкча жүктөлүшүнө алып келгенин, бул жеке сектордун потенциалын активдүү тартуу зарылдыгын шарттаганын белгиледи.

Реформанын алкагында төмөнкү чаралар ишке ашырылды:

– онлайн-лицензиялоо киргизилди;

– санитардык нормалар сакталган шартта имаратты кайра профилдөө талабы алынып салынды;

– санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутундуларды алуу мөөнөтү шаарларда 30 күндөн 3 күнгө чейин, аймактарда 7 күнгө чейин кыскартылды;

– ашыкча текшерүүлөр жана административдик жол-жоболор алынып салынды;

– документтерди берүүнүн автоматташтырылган системасы киргизилип, арыз берүү жана лицензияларды берүү процессин толугу менен онлайн форматка өткөрүү камсыздалды.

Натыйжада лицензиялоо мөөнөтү 3–4 айдан 20 күнгө чейин кыскарды.

Экинчи чакырык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөтүүгө арналган.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жол-жобосу санарип форматка өткөрүлдү, анын ичинде документтерди кагаз түрүндө берүү зарылчылыгы алынып салынды. «Кызмат», «Түндүк» ишканалары жана «Кыргыз почтасы» менен тыгыз кызматташтыкта төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:

— айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арызды кабыл алуу боюнча онлайн-сервис иштелип чыкты;

— QR-код жана банктык тиркемелер аркылуу кызмат акысын онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди;

— айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арыз берүү убактысы 1,5 сааттан (УНАА филиалдарына баруу менен) 10 мүнөткө чейин кыскартылды (үйдөн чыкпай эле);

— даяр айдоочулук күбөлүктү алуу убактысы 4 күндөн 1-2 күнгө чейин кыскартылды, «Кыргызпочтасы» ААК аркылуу үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү менен. Реформа киргизилгенден кийин жарандарга «Түндүк» тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү онлайн форматта жаңыртуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, андан кийин даяр документти «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул жол-жобону бир топ жеңилдетип, административдик этаптарды кыскартты.

Аягында Адылбек Касымалиев бул өзгөрүүлөр тиешелүү мамлекеттик органдардын координацияланган ишинин аркасында мүмкүн болгонун баса белгилеп, реформаларды ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

20