7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майып балдарды коштоп жүргөндөргө коомдук транспортто акысыз жүрүү сунушталууда

155

Бишкек мэриясы шаардык кеңештин кароосуна «Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү жана коомдук жүргүнчү ташуучу транспортко өгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун киргизди.

Документте Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке жардамчыларына акысыз жүрүүгө укук берүү сунушталууда.

Негиздеме маалым катта жазылгандай, 2025-жылдын 15-августуна карата борбор калаада 2202 жеке жардамчы катталган, алардын ичинен 1442си Бишкекте туруктуу каттоодо турат.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык интеграциялоо үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр аларды спорттук, чыгармачылык, билим берүү, медициналык мекемелерге коштоп барышат, бирок жеке жардамчылар жол кирени өз чөнтөгүнөн төлөөгө аргасыз болушат, бул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө кошумча каржылык түйшүк жаратат жана балдардын керектүү кызматтарга жеткиликтүүлүгүн чектейт.

«Жеке жардамчылар үчүн муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүүнү киргизүү алардын каржылык түйшүгүн бир топ жеңилдетет», — деп жазат мэрия.

156