7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бабановдун футболдук клубу Жогорку лигада ойнойт

25

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Ташиев Камчыбек  премьер-лигасына катышкан клубдардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.  Бул тууралуу КФБ билдирди.

Жыйынга КФБ, КПФЛ жетекчилиги жана «Дордой», «Алга», «Илбирс», «Бишкек Сити», «Азиягол», «Кыргызалтын», «Абдыш-Ата», «Талант», Нефтчи, «Мурас Юнайтед», «Өзгөн», «Алай», «ОшМУ», «Барс», «Токтогул», «Азия» футбол клубдарынын жетекчилери катышты.

«Белгилесек, келээрки футбол сезонуна карата Кыргыз Премьер-Лигасынын катышкан клубдардын саны толукталды. Эске салсак, 2025-жылкы сезондо өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб ойногон. Улуттук лигадан Премьер-Лигага жолдомо алган «Токтогул» футбол клубунан кийин, чемпионатка Таластын атынан чыга турган «Азия» клубу да расмий кошулду. Талас шаарынын «Азия» клубун түзүү боюнча КФБнын демилгесин Бабанов Өмүрбек Токтогулович колдогон. Муну менен биринчиликте ойной турган клубдардын саны 16га жетти»-, деп жазылат маалыматта.

Жыйын жүрүшүндө Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын 2025-жылкы сезон боюнча отчету, Кыргыз футбол биримдигинин футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча отчету угулду. Кошумчалай, КПФЛ 2026-жылкы спорттук сезон боюнча пландарын сунуштады.

Андан сырткары, жыйын учурунда чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим маалымдалды. Чечимге ылайык, «Премьер-Лига» «Жогорку Лигага», ал эмм «Улуттук Лига» — «Биринчи Лигага» өзгөртүлдү.

Ал эми, жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, анда акыркы — 16-орунду ээлеген команда Биринчи Лигага түшөт. Аталган жаңыртуу да бүгүнкү жыйын катышуучуларына маалымдалды.

 

26