Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов айрым ЖМКлар жарыялаган Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн популисттик билдирүү деп атады.
Эксперттин пикиринде, манипуляциялардын жардамы менен саясий мейкиндикке кайтып келүү жана коомду бөлүп-жарууга болгон аракет.
«Интрига кылгандар көңүл бурууга татыктуу эмес. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, куру сөз жана эл алдында ойноо көбүнчө акыл-эсти тумандатат. Бул биринчи кезекте оратордун өзүнө, кийин анын аудиториясына да берилет, анан ал жакта колдоо тобу даяр турат. Ал саясатта ушундай жагдай жаратууну көздөйт. Реванш, өч алуу каалоосу болушу мүмкүн. Ал элдин башына түрдүү күмөн ойлорду жаратуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып жатат. Бул адамдын Сооронбай Жээнбековдун башкаруусу учурундагы кылыктарын баары билет. Анын командасы ЖЭБди реконструкциялоодо уурулук кылганы үчүн кармалган. Ал өзү криминалдык дүйнөнү кайра бөлүштүрүүгө катышкан, атүгүл бирин жеке максаты үчүн жан сакчы катары бошотуп, экинчисин өлкөдөн чыгарып жиберген. Анан биз эмне жөнүндө сүйлөп жатабыз?
Учурда ал Испанияга жашынып, интрига жасоону улантууда. Дарыланып келип, бардык кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берерин убада кылган. Келип, баарын кантип болгонун айтып берсин деп эл күтүп жатат. Көчөгө чыксак, Кыргызстан акыркы 5 жылда кандай өзгөргөнүн көрөбүз, бул мурдагыдай өлкө эмес. Өз каталарын эсинен чыгарган адамдар менен талашып-тартышууну пайдасыз иш деп эсептейм. Башкысы, башаламандык болбошу керек, ошондо өлкөдө кыйроо да болбойт», — деп жыйынтыктады Зайнидин Курманов.



