7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда кыйын кырдаалга кептелген 9 жаранга акча каражаты берилди

14

Жалал-Абадда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 9 адамга акча каражатынын сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда 9 жаранга жалпы 1 млн 262 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын сертификаттары тапшырылды.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу катышты.

Облус башчысы Тилек Текебаев жарандарды ар түрдүү кырсыктардан сак болууга чакырып, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун максаты жана учурда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал камсыздандыруу калктын мүлкүн коргоо жаатында маанилүү экенин белгилеп, кыйын кырдаалдарда жардамга келээрин кошумчалады.

Белгилей кетсек, облус боюнча 2025-жылдын 9 ай аралыгында жалпы 76 865 объект камсыздандыруудан өткөрүлгөн. Анын ичинен 40 399 турак-жай, 32 194 автотранспорт каражаттары болуп саналат. Тогуз айда 161 өрт жана башка кырсык катталып, анын ичинен 36 кырсыкка 6 млн 508 миң 985 сом кепилдик акча каражаттары төлөнгөн.

15