Күн мурун Дубайда IATF 2025 – 20-эл аралык мода жана текстиль көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмөгө дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 400дөн ашык катышуучу жана 5 миңден ашык сатып алуучу чогулду.
Бул жылы «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемесинин көмөгү менен көргөзмөгө Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагын тааныткан 18 ата мекендик компания катышууда.
Өзгөчө көңүл бура турган жагдай, IATF 2025 көргөзмөсүндөгү жалгыз улуттук павильон дал ушул Кыргызстанга таандык. Бул өлкөнүн глобалдык мода индустриясындагы өсүп жаткан ролун баса белгилеп, кыргыз продукциясын эл аралык рынокторго жайылтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Уюштуруучулар жана катышуучулар IATF көргөзмөсүнө катышуу экспорттук каналдарды кеңейтүүгө, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана «Made in Kyrgyzstan» улуттук брендинин таанылышын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешет.



