7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

130 атактуунун аккаунтун бузуп кирген хакерге 5,4 млн доллар айып салынды

14

Улуу Британиянын Королдук прокуратурасы (CPS) хакер Жозеф О’Коннорго болжол менен 130 атактуунун Twitter`деги (азыркы X) аккаунттарын массалык түрдө бузуп киргени үчүн 4,1 млн фунт стерлинг (болжол менен 5,4 млн доллар) биткоин төлөө чечимин чыгарды, деп ЖМКлар мекеменин басма сөз кызматына шилтеме келтирип жазды.

Ага ылайык, О’Коннор алдамчылык схемасынын натыйжасында алынган 42 биткоинди жана башка криптовалюталарды кайтарып бериши керек. Санариптик активдердин жалпы наркы 4,1 млн фунт стерлингге бааланууда.

Прокуратурадан белгилешкендей, хакер атактуу адамдардын аккаунттарына чабуул жасап андан кийин алардын баракчаларындагы колдонуучуларды адаштыруу жана каражат алуу үчүн колдонгон.

Ири масштабдуу чабуул 2020-жылдын июль айында болгон. Бир нече америкалык компаниялардын жана эл аралык атактуулардын баракчаларында криптовалюталарды көрсөтүлгөн даректерге которууну суранган окшош билдирүүлөр пайда болгон, анда каражатты эки эсе кылып кайтарып берүү убада кылынган.

Аккаунттары жабыркагандардын арасында Илон Маск, Билл Гейтс, Жефф Безос, Уоррен Баффет, Канье Уэст жана АКШнын мурдагы президенти Барак Обама болгон. Жалпысынан болжол менен 130 аккаунт бузулган.

15