7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ассоль Молдокматова: «Биз Насыйкаттын кыялына кийинки кадам таштоого жардам бере алабыз» (ВИДЕО)

19

Кыргызстандын жаш таланттуу ырчысы Насыйкат Баймырзаева жакында абройлуу эл аралык сынактын финалына катышат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Насыйкат көзү азиз болгонуна карабастан, ал буга чейин таланты жана эрктүүлүгү менен миллиондогон адамдарды таң калтырган. Насыйкат Андрей Малаховдун берүүсүнө, ар кандай эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан татыктуу катышып, калыстардын жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Эки жумадан кийин ал дагы бир жолу чоң сахнага – абройлуу эл аралык сынактын финалына өлкөбүздүн атынан катышып, дагы бир жолу өнөрүн көрсөтөт.

12 жаштагы кыз үчүн бул чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик, ал өзүнүн өжөрлүгү жана таланты менен мүмкүн эмес эч нерсе жок экенин көрсөтүп жатат», — дейт Молдокматова.

Насыйкат сынакка жогорку деңгээлде катышуусу үчүн:

— авиабилеттер;
— ыңгайлуу жана жылуу кийим;
— күнүмдүк кийим;
— кооз бут кийим;
— сумка жана аксессуарлар;
— сахна үчүн кечки көйнөк;
— аны коштоп жүргөн чоң энеси үчүн кийимдер (54-өлчөм).

«Жардам берүүнү каалаган адамдар чоң жакшылыктын бир бөлүгү болот.

Насыйкаттын келечеги кең, биз анын кыялына киийнки кадам таштоого жардам бере алабыз», — деген өз сөзүндө ишкер айым.

20