Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө кубогун ийгиликтүү, чечкиндүү жеңиш менен баштады.
Спортчу 60 килограммга чейинки салмак ченинде рингге чыгып, чейрек финалда польшалык Павел Брач менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан 5:0 эсебинде кыргызстандык мушкерге жеңишти ыйгарышты.
Жеңиш Мунарбек Сейитбек уулуна жарым финалга жолдомо камсыз кылды. Ал кийинки беттешин 19-ноябрда англиялык спортчу Уильям Дэвид менен өткөрөт.



