Кыргызстандын экономикасы өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макрообзорунда айтылат.
«2025-жылдын январь–октябрь айларында ИДП 10%га өстү. Мындай өсүшкө өлкөгө тартылган ири инвестициялар жана керектөөчүлүк чыгашалардын көбөйүшү себеп болууда.
Курулуш тармагы дээрлик 28%га өстү. Бул мамлекеттик турак жай куруу программасынын, жолдорго, социалдык объекттерге жана инфраструктурага багытталган активдүү инвестициялардын аркасында мүмкүн болду», — делет маалыматта.
Ошондой эле ички соода 9,2%га көбөйдү. Өсүштүн негизги себептери:
— Эмгек акы дээрлик 20%га жогорулап, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү артты;
— Насыялоо 43%га өсүп, калк товарлар менен кызматтарды активдүү сатып ала баштады.



