Asman Airlines Бишкек-Каракол каттамынын санын көбөйттү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Эми Бишкектен Караколго аба каттамдары жумасына төрт жолу — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.
Билеттер asmanairlines тиркемесинде жана компаниянын сайтында жеткиликтүү. Ошондой эле Бишкектен Караколго авикаттамдын баасы 3600 сомду түзөт.



