7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас — Ош аэропортунда акыркы төрт жылда жүк ташуунун көлөмү 12 эсеге өстү

21

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Министр Бакыт Сыдыков «Регионалдык логистикалык хаб – Кыргызстан көңүл борборунда» аттуу сессияны алып барды. Негизги баяндаманы жасаган министр логистикалык хабды өнүктүрүү — Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

«2024-жылы транспорт секторуна салынган инвестициялардын көлөмү болжол менен 200 млн долларды түздү. Бирок, тармакты толук кандуу өнүктүрүү үчүн кошумча 1,65 млрд доллар тартуу зарыл. Бул ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди министр.

Сыдыков Кыргызстандын автоунаа транспорту аркылуу жүк жүгүртүүсүнө токтолуп, тармак акыркы жылдары туруктуу өсүш көрсөтүп жатканын белгиледи. «ЕАЭБдин маалыматтары боюнча, акыркы төрт жылдын ичинде жүктөрдүн жүгүртүүсү 26 млн тоннанын ордунa 44 млн тоннага чейин өсүп, 82пайызга көбөйдү. Биз 2030-жылга чейин бардык транспорт түрлөрү боюнча жалпы жүк ташуунун көлөмүн жылына кеминде 110 млн тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Министр ошондой эле Кыргызстандагы логистикалык системасы темир жол, авиация жана автоунаа транспорту сыяктуу бардык транспорт түрлөрүнүн натыйжалуу интеграциясы өтө маанилүү экенин өзгөчө белгиледи.

«Темир жол транспорту жыл сайын туруктуу 2–3 млн тонна жүк ташып, аймактар аралык байланыш үчүн олуттуу резерв бар экенин көрсөтүүдө. Кыргызстандагы негизги жүк авиахабдар — «Манас» (Бишкек) жана «Ош» аэропорттору. Акыркы төрт жылда бул аэропорттордогу жүк ташуунун көлөмү 12 эсеге өстү. Учурда авиация тармагын өнүктүрүү максатында бир катар ири долбоорлор курулуш жана ачылуу стадиясында: Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорт – өлкөнүн үчүнчү авиахабы болот. Ошондой эле «Манас» жана «Тамчы» эл аралык аэропорттору модернизацияланууда», — деп белгиледи Сыдыков.

Экономика жана коммерция министри логистикалык коридорлорду диверсификациялоо жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү — Кыргызстандын геостратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруунун кийинки кадамы болорун кошумчалады.

22