7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин вицэ-мэримин… Жаранды 5,5 млн сомго алдап кеткендер кармалды (ВИДЕО)

280

Ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Д.М. аттуу жаран өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, 5,5 млн сомун алдоо жолу менен ишенимге кирип, ээлеп алган белгисиз адамдардын үстүнөн арыз менен кайрылган.

Алгач, вице-мэр катары тааныштырган жарандар, кийинчерээк, өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, жарандын банктык эсебиндеги акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен. Каражаттардын сакталышын камсыздоо зарылдыгын айтып, алар арыз ээсин көрсөтүлгөн сумманы “коопсуз эсепке” котортуп, кийин байланышты токтотушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.у.И. жана А.у.Н. кармалды. Шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

281