7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АӨБ президенти Масато Канданы кабыл алды

13

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды.

Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты, ошондой эле экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Бул контекстте президент өлкөгө «региондук хаб» макамын алууга мүмкүндүк берүүчү транспорт жаатындагы долбоорлорго көңүл бурду. Ал ошондой эле энергетика жана агрардык секторлорду кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Өз кезегинде Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда ошондой эле бул долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана Кыргызстан менен жемиштүү кызматташуу өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

 

 

14