7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Азаттык Аренанын» курулушу 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен аяктайт

18

19-ноябрь күнү Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы «Азаттык Арена» стадионунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш процессин көрүү үчүн КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков да барган.

Белгилей кетсек, Кыргыз футбол биримдиги стадиондун эл аралык талаптарга шайкеш болуусу үчүн өз консультативдик колдоосун көрсөтүп келүүдө.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө бетон жумуштарынын 80% бүткөрүлүп, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин металл конструкцияларын орнотуу башталып, бул этапты 15-февралга чейин бүтүрүү мерчеми коюлган.

Ошол эле учурда инженердик тармактарды тартуу, ички жана тышкы жасалгалоо, инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.
«Азаттык Арена» 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен пайдаланууга берилери маалымдалды.

19