Кыргызстандык модель Мэри Кувакова “Аалам сулуусу-2025” сынагында улуттук кийими менен көрүүчүлөрдү таң калтырды.
Анын костюму бүркүттүн образын жараткан жана анын канаттарына алтын менен коло түстөрү берилген.
“Алтын бүркүт – Кыргызстан үчүн эркиндиктин, күчтүн жана сыймыктын символу. Бул образ жөн эле сахна үчүн жаралган эмес. Ар кандай кыйынчылыктан өйдө көтөрүлүп, каада-салтын сактаган, ата-бабасынын асылдыгын өз ичине алып жүргөн элдин духун берет. Бул канаттарды жайганда Кыргызстандын таарыхын дүйнөгө ачам, жана өз жеримдин туруктуулугун, ар-намыстын жана ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жашаган жарыктыкты чагылдырам”, — дейт Мэри Кувакова Instagram баракчасында.



