7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Шайлоо учурунда добуш сатып алгандар катуу жазаланат

8

ИИМ эскертет: алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол берилбейт

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды, талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырат.

Шайлоо учурунда добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларга катуу чаралар көрүлөт.

Ички иштер органдары тарабынан шайлоо алдындагы жана шайлоо күнүндөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча ар бир фактыга ыкчам чара көрүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого жана атуулдук милдеттериңерге жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Шайлоо мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ачыктык шартында өтүшү керек.

 

9