7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдөгү дыйкан-фермерлерге 4,1 млрд сомго жакын насыя берилди

12

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо – 13» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 4 млрд 92 млн 769 440 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыя 10 пайыздык чен менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтар аркылуу берилүүдө.

Анын ичинде:

  • өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 441 019 миң сомго 898 насыя;
  • мал чарбачылыгы категориясы боюнча жалпы 3 381 643 миң сомго 5 443 насыя;
  • сууну үнөмдөөчү технологиялар категориясы боюнча жалпы 17 000 миң сомго 24 насыя;
  • лизинг категориясы боюнча жалпы 253 107 миң сомго 122 насыя берилген.
13