7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн аймагында көмүр саткан 720 база иштеп жатат

6

Өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо үчүн 3 млн 174 тонна көмүр камдалышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында бюджеттик мекемелерге 309 миң 415 тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 203 миң 54 миң тоннасы, калкка 1 млн 465 миң тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 994 миң 69 тоннасы камсыздалды.

“Өлкөнүн бардык аймактарында ачылган көмүр сатуучу социалдык базаларга жана социалдык мекемелерге Кара-Кече кенинен биринчилерден болуп көмүр жеткирүү ишине артыкчылык берилген. Учурда өлкөнүн аймагында көмүр саткан 720 база кызматта жана “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган 144 социалдык база да ачылган.

Бишкек ЖЭБине жалпы 1 млн 400 миң тонна көмүр керектелет. Камсыздоо иштери уланууда. Учурда Бишкек ЖЭБинде 280 миң тонна көмүр жана 4 млн 2 миң тонна мазут бар. Көмүрдүн кору былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл көп. Былтыр бул убакта 242 миң тонна көмүр болгон.

Ошондой эле Ош шаарынын ЖЭБине жалпы 23 миң тонна мазут керектелет. Бүгүнкү күндө 20 миң тоннадан ашыгы камсыздалды. Былтыр бул көрсөткүч 12,9 миң тоннаны түзгөн”, — деп белгиледи Төрөбаев.

7