Ысык-Көлдүн Григорьевка дарыясында ток менен балык кармаган браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБи билдирет.
«2025-жылы 20-ноябрь, түнкү 2:30 чамасында Григорьевка айылындагы көлдөн ток менен мыйзамсыз балык уулоого аракет кылып жаткан жеринен Бостери айылынын тургундары — 1982-жылы туулган Д.Р., 1983-жылы туулган А.Н., 1988-жылы туулган Ш.Э. жана 1987-жылы туулган Т.А. — колго түшүрүлдү. Алардын бири ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.
Алардын жанынан 7 даана форель балыгы, аккумулятор, колго жасалган сууга ток берүүчү каражат, фонарик жана балыкты сүзүп алуу үчүн колдонулган электр кодо табылып, далил зат катары алынды»», — делет маалыматта.
Кармалган жарандардын турак жайларында тинтүү учурунда А.Ндин үйүнөн 20 даана форель балыгы жана 14 даана ок-дары, ал эми Д.Рдин үйүнөн жапайы жаныбардын мүйүзү табылып, далил зат катары алынган.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кармалган жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.



