Айдоочулар мурда коюлган талаптан улам, уруксат кагаз алууда узун кезек жаралып, айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгын айтып кайрылышкан. ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрттү.
Маалым болгондой, эми алар ишемби күндөрү да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскарат жана 2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт.
Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейт.



