Кыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу-2025» сынагында элдик добуш берүүдөн ТОП-5ке кирди. Ага 22 миң 493 добуш берилген.

«Аалам сулуусу-2025» наамын мексикалык Фатима Бош жеңип алды. Расмий маалыматка ылайык, 1-орунга таиланддык Правенар Сингх, 2-орунга Венесуэлык Стефани Абасали, 3-орунга филиппиндик Ахтиса Манало, 4-орунга Кот-д’Ивуарлык Оливия Ясе татыктуу болду.
Кувакова өзүнүн Instagram аккаунтунда Кыргызстан элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Мэри Кувакова “Аалам сулуусу — 2025” сынагында алтын жана коло түстө жасалган бүркүттүн образын жаратып, элди таң калтырган.



