Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
“Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
22-ноябрь – Кыргыз прокуратурасынын бир кылымдан ашык ишмердүүлүгүн белгилеген маанилүү дата. Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар — Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Прокуратура – мыйзамдуулуктун сакталышын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу мамлекеттик бийликтин негизги институттарынын бири.
Өлкөнүн турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Мыйзамдын сакчылары катары сиздер прокурордук көзөмөлдү сапаттуу жүргүзүүгө, мыйзам талаптарын бардык субъекттер тарабынан так аткарууга, мыйзам бузуучуларга принципиалдуу чараларды көрүүгө милдеттүүсүңөр. Прокурорлор үчүн чынчылдык жана коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө чыдабоо норма болушу керек. Кыргыз прокуратурасына болгон калктын ишеними бир кылымдан ашкан татаал жолду басып өтүүдө калыптанган.
Прокуратура кызматкерлеринин эффективдүү жана натыйжалуу иштеши коом жана мамлекет үчүн маанилүү. Сиздердин тажрыйбаңыздар жана жоопкерчилигиңиздер мындан ары да прокуратура органдарынын жана бүтүндөй өлкөнүн алдында турган милдеттерди чечүүгө салым кошот деп ишенем.
Кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү – прокуратура органдарына жүктөлгөн жооптуу жана татаал милдеттердин бири. Бул милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткаруу, ар бир кызматкерден жогорку кесипкөйлүктү, темирдей эркти, бекемдикти жана принципиалдуулукту талап кылат. Бул сапаттар прокуратура органдарын башка ведомстволордон айырмалайт.
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу, ошол эле учурда адилеттүү болууга тийиш. Прокурорлор кабыл алып жаткан ар бир чечим жалпы коомдун мамлекетке жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө болгон ишенимине таасирин тийгизет.
Азыркы мезгилде өлкөбүздө масштабдуу реформалар жана кайра куруулар ишке ашырылып, укуктук мамлекеттин негиздери бекемделип жаткан шарттарда прокуратуранын ролу жана мааниси өсүп, ыйгарым укуктары кеңейтилди.
Инсанды урматтоо, анын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, ошондой эле коомдун жана бизнестин, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу – прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири. Иштин бул багыттары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Акыркы жылдары мамлекеттин укук коргоо, анын ичинде сот системасына жана прокуратура органдарына болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү, мамлекеттик колдоонун аркасында анын материалдык-техникалык базасы жана кызматкерлерди социалдык жактан коргоо бекемделүүдө.
Жыл башында өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын расмий ачылышы болду. Академия жогорку квалификациялуу заманбап адистерди даярдоого жана юридикалык илимди өнүктүрүүгө шарттарды түзөт деп ишенем.
Бир топ аймактарда жаңы административдик имараттар, кызматтык батирлер курулуп, прокуратура кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылып, батирлер ипотекалык насыянын шарттары менен берилүүдө.
Прокуратура органдары мыйзамдуулукту камсыз кылуу, мамлекеттин кызыкчылыгын, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коррупция менен күрөшүү үчүн бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыз болушу керек.
Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу прокурорлор жана прокуратура органдарынын ардагерлери! Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө аманчылык, чың ден соолук жана жооптуу кызматыңыздарга албан-албан ийгиликтерди каалайм. Ар дайым калыс жана адилеттүү болуңуздар!”, — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.



