“Ынтымак Ордо” имаратынын түндүк тарабына LED-экран конструкциялары орнотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, экран ири мамлекеттик иш-чаралардын, расмий аземдердин учурунда колдонула турган жаңы протоколдук элемент.
«Экран жогорку меймандарды тосуп алуу видеолорун жана протоколдук иш-чараларды чагылдыруу үчүн колдонулат», — деди Аскат Алагөзов.



