17 жаштагы Айсулууну зордуктап, андан соң өлтүргөн Кумарбек Абдыров мурда дагы мындай кылмыштарды жасаган. Ал, 2015-жылы бир кызды зордуктоого аракет жасап, натыйжада башын таш менен жанчып, каналга ыргытып жиберген.
Бактыга жараша кыз аман калып, Кумарбек Абдыров ИИМ тарабынан кармалып, Октябрь райондук соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган.
Кийин, Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Абдыровдун ишин карап чыгып, оор беренени женилдетип, натыйжада Абдыров райондук сот тарабынан берилген жаза мөөнөтүнөн мурда эле эркиндикке чыгып кеткен.
Эркиндикке чыккандан кийин кылмыштарын кайра улантып, анын бири 17 жаштагы Айсулуунун трагедиялуу өлүмү.
Эгер, Бишкек шаарынын судьялары Абдыровго берилген мурдагы жаза мөөнөтүн жеңилдетпегенде, Абдыров 2027-жылы гана абактан бошотулмак.
Канкордун мөөнөтүнөн мурда чыгышына себепкер 3 судьянын үстүнөн кылмыш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө, Абдыровдун туугандары сотторго пара бергени боюнча фактыларды беришкен.



