7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Арак, тамеки жана газдалган суусундуктардын салыгын көбөйтүш керек

5

Тамеки, спирт ичимдиктери жана газдалган көз карандылыкты пайда кылган суусундуктар сыяктуу зыяндуу азыктарга салыктар көбөйтүлүшү зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, мындай азыктар азыр баардык жарандарга жеткиликтүү жана кеңири колдонулуп келет. Бул коомдук саламаттыкка олуттуу зыянын тийгизүүдө.

“Биз бул маселени тиешелүү министрликтерге сунуштап жатабыз. Зыяндуу продуктулардын баасын жогорулатуу жана салыкты көбөйтүү аркылуу бюджетке түшкөн каражатты оорулардын алдын алуу иштерине жумшоо зарыл. Бул элдин саламаттыгы үчүн маанилүү кадам. Чогулган каражаттар профилактикалык иш-чараларга, анын ичинде түшүндүрүүчү видеороликтерге жана жарнамаларга жумшалышы керек.

Адамдар спирт ичимдиктери, туз жана кантты ашыкча колдонгондо кандай ооруларга кабыларын билиши керек. Өзгөчө биздин коомдо тузду өтө көп колдонуу адатка айланган. Көптөгөн оорулардын себеби дал ушул зыяндуу азыктарды ашыкча колдонуу экенин унутпашыбыз керек”, — деп белгиледи министр

Чечейбаев белгилегендей, зыяндуу азыктарды, айрыкча спирт ичимдиктерин сатуу убактысын жана сатуучу жайларын чектөө зарыл.

“Жогоруда айтылган товарлардын сатуу убактысын көзөмөлгө алуу маанилүү. Кээ бир өлкөлөрдө спирт ичимдиктери кечки 22:00дөн таңкы 07:00гө чейин сатылбайт. Бул абдан туура чечим. Эмне үчүн? Себеби, криминалдык окуялардын көбү түнкүсүн болот. Жол кырсыктары, зомбулук, зордуктоо фактыларынын басымдуу бөлүгү түн ичинде катталат. Спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн санын азайтуу да коомдук коопсуздук жана элдин саламаттыгы үчүн маанилүү чаралардын бири.Биз бул товарларды сатуучу жайлардын санын кыскартышыбыз керек. Бул коомду коргоо жана оорулардын алдын алуу үчүн маанилүү кадам»,- дейт министр.

6