7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында “Мурас” комплексинде 1080 батир пайдаланууга берилет

2

Мамлекеттик ипотекалык үйлөр: “Мурас” комплексинде жакын арада 1080 батир пайдаланууга берилет

Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан “Мурас” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексине барып, жүрүп жаткан иштери менен жеринен таанышты.

Алгач ал мурда бүткөрүлгөн иштерге токтолуп, биринчи этапта 986 батир пайдаланууга берилгенин, учурда бул батирлерде тургундар жашап жатканын белгиледи.

Андан кийин Каныбек Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батирди толук бүтүрүп, жакын арада пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтты. Бул мамлекеттик ипотека аркылуу үй күтүп жаткан жарандар үчүн чоң колдоо болуп саналат.

Ошондой эле ал комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалып жатканын баса белгиледи. Натыйжада “Мурас” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.

Иш сапардын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду. Ал мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө адамдар узак жылдар жашай турганын айтып, “сапат эң башкы орунда турушу керек” деди.

Мындан тышкары, ал комплекстин аймагында орнотулган Европадан алып келинген заманбап автономдук откананы өзүнчө белгиледи. Бул Кыргызстанда сейрек колдонулган, энергияны үнөмдүү, коопсуз жана туруктуу жылытуу берген жогорку технологиядагы система.

“Мурас” турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эң ири долбоорлорунун бири болуп, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу ипотекалык үйлөр менен камсыз кылууга багытталган.

3