“Бизге азыр стабилдүүлүк керек. Тынчтык керек. Атамбаевди керек болсо досу Жээнбеков түрмөдөн чыгарган эмес”, — дейт Семетей Талас уулу фейсбук баракчасына.
Анын айтымында, Атамбаевди Садыр Жапаров түрмөдөн чыгарган.
“Балдарынын депутат болушуна каршы болгон жок. Мындан артык жакшылык барбы?
«Жакшылыкка жакшылык ар адамдын кылары, жамандыкка жакшылык эр адамдын кылары» дейт кыргызда. Жакшылыкты баалай жүрүш керек адам болгон соң. Эми Испанияда жатып алып, каяктагыны баштап, баласынын убалына калып отурат. Силердин поезд кеткен эчак эле. ТЭЦтин коррупциялык реконструкциясы менен кошо. Сапар экөөңдүкү тең. Айтмакчы, силер бийликтеги кезде эле сындачумун. Азыр чыга калып айтып атканым жок. Так что, элди дүрбөлөңгө салбагыла. Баары бир эл экөөңдү колдобойт”, — дейт ал.



