Кытайда гуманоид робот 106 чакырым аралыкты токтобостон басып өтүп, Гиннесстин рекордун жаңылады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, роботту Шанхайдагы Agibot компаниясы иштеп чыккан.
A2 аталышындагы робот 10-ноябрь күнү кечинде Сучжоудан жолго чыгып, 13-ноябрь күнү эртең менен Шанхайдагы белгилүү Бунд аймагына жеткен. Тез алмаштырылуучу батареялардын жардамы менен робот 106,286 чакырым аралыкты токтобостон басып өткөн. Agibot компаниясынын вице-президенти Ван Чуандын айтымында, мындай узак аралыкты жөө басуу адамдар үчүн да кыйын.
“Бул роботтун тең салмактуулугу, чыдамкайлык алгоритмдери жана жабдуулары мыкты деңгээлде экенин көрсөтөт. Эми мындан ары роботторду коммерциялык багытта колдонууга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат”,-деген ал.
A2 роботу кош GPS модулдары жана инфракызыл сенсорлор менен жабдылган. Ал эл көп жүргөн жерлерде, тар өтмөктөрдө, светофорлордо жана татаал жол шарттарында күн-түн дебей айлана-чөйрөнү так кабылдап, жол эрежелерин сактап жүрөт.
Сапардын жүрүшүндө робот асфальт жолдордо, көпүрөлөрдө, пандустарда жана тактилдик плиталарда да кыймылын үзгүлтүксүз уланткан.



