7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Атамбаев тууралуу 14 факты

31

Алмазбек Атамбаев тууралуу фактылар менен Мирбек Айдаралиев фейсбуктагы баракчасына бөлүштү. 

1. Атамбаев тууралуу кыска эле оюмду жазайын, окуп койгула. Ал киши – курууга караганда, бузган далилдери көп экен. Мисалы, Жазуучулар союзуна келген 50 миллион рубль акча каражатын жеп алып, эгемендүү кыргыз адабиятынын фундаментин бузган.
2. “Автомаш” заводун менчиктештирип алып, анын темирин бузуп саткан. Миллиондогон акча каражатына бааланган станокторун – Кытайга катардагы темир кылып тапшырган. Заводду талкалап бузган.
3. 2010-жылы 7-апрелде жаштарды эрчитип, аларды окко салып берген. Кийин “7-апрель баатырларын” кидать этип, карабай койгон. Атамбаевди бийликке алып келебиз деп шейит кеткендерге жана алардын артында калган жетим-жесирлерге эле убал болду.
4. Бишкек ТЭЦке келген 386 миллион доллардын 111 миллион долларын жеп коюп, модернизация иши сапатсыз жүрүп, ТЭЦ эки жолу авария болду.
5. Бишкек ТЭЦтеги авария ири коррупциялык иштердин бетин ачты, мисалы кычкачты 600 долларга алышкан.
6. Тарых Музейди реконструкция кылууга 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык акча коротушкан. Мындай каражатка реконструкция эмес, Тарых Музейдин жаңы имаратын куруп койсо болмок. Ал каражаттарды кантип жешкен? Жыгач аттарды 28 000 еврого, базарда 4000 сом турган отургучтарды 100 000 сомдон алдык деп көрсөтүшкөн.
7. 2013-жылы “РусГидро” компаниясы менен биргеликте Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курабыз деп келишим түзүп, ага 37 миллион долларлык инвестиция салынат. 2015-16-жылдары келишим бузулган. 37 миллион доллар акчага жумушчуларга темир контейнерлерден тургузулган үйлөрдөн бөлөк эч нерсе курулган эмес.
8. Атамбаевдин убагында сөз эркиндигине кысым күчөгөн, бир катар сайттар жабылып, бийликти сындап жазган журналисттерге 2 миллиондон 10 миллион сомго чейин айып пулдар салынган. Маркум Нарын Айып деген журналисттин апасына таандык жалгыз батирин сот Атамбаевдин пайдасына тартып алган.
9. Саясий куугунтук менен 200дөн ашык саясатчы жана жарандык активисттер камалган. Ошондой эле жакындарынын боштондугун талап кылып пикет уюштургандарды уруп-сабаган учурлар көп катталган.
10. Алгач мамлекеттин жери болгон, кийин Максим Бакиевге өтүп кеткен Кой-Таштагы жер тилкесин, 2010-жылдан соң улутташтырбай, Атамбаев коррупциялык жол менен өзүнө каттап, ал жерге өзүнө турак жай комплекс курган.
11. Алмазбек Атамбаев 2019-жылы суракка келбей Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, мамлекетти экиге бөлүп, өз алдынча мамлекет куруу чакырыгын жасаган. Аны кармап келүүгө барган УКМКнын кызматкерлерин барымтага алып, “Альфанын” кызматкери Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөн.
12. Атамбаевдин саясий жүрүштөрүндө – адам өлүмү менен коштолгон окуялар көп. Анын саясий жүрүштөрүндө камакка алынган, жабыр тарткан адамдар дагы арбын.
13. Анын ойлонбой сүйлөгөн билдирүүлөрүнөн кийин, Кыргызстан — Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан менен мамилеси начарлаган учурлар көп катталган. Атамбаевдин “таластыктар эл болбойт!”, “нарындыктар койсуңар”, “кыргыздын душманы – кыргыз!”-деген көп сөздөрү алигиче элдин эсинде.
14. Мамлекеттик “Кыргызгаз” ишканасын Россиянын “Газпром” ишканасына 1 долларга сатып жиберген.

«Атамбаевдин балдарынын ичинен Сейтеги азамат экен. Окуяларга дайым калыс баасын берип турат. Учурунда дагы “…атам чындыкты укпай калды, анын айланасын кошоматчылар тегеректеп алган…”-деп айтканы бар. Азыр дагы Кадыр менен Алиядан алыс болуп, чагымчыл аракеттерине кошулган жок. Жакында туугандар, жакындары өз ара топтолгон экен, ал жерге дагы “жөн жүрө албайсыңарбы, эмне жетпей жатат силерге?”-деп келбей коюптур. Сеид Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп чыкса, иниси Кадыр Атамбаев колдобой, Темирлан Султанбековдун апасына үгүт кылып жүрдү. Атамбаев өзүнүн үй-бүлөөсү, балдарынын ынтымагын карай албайт, анан элдин маселесин чечем деп улам үн катып коет. Биринчи кызы Алияны ыйманга чакырып, калган балдарын тарбиялап албайбы деген ой келип жатат», — деп жазган ал.

32