Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас ШИИБдин нөмөөт бөлүгүнө 2025-жылдын 19-ноябрына караган түнү саат 01:00 чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ балдардын бири-бирине таш атышып урушуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
«Иликтөө иштеринин натыйжасында, массалык мушташка катышкан 23 баланын өздүгү такталып, 22 жаран кармалып, 1 айга камакка алынган. Учурда 1 бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.
Бул окуя учурда, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөт», — делет маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



