7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Т.Алтымышев: Кытайлыктарды шылтоолоп элди дүрбөлөңгө салгандар уялсаңар боло!

15

Тынчтык Алтымышев кытай көп болуп кетти деген шылтоо менен баш аламандык уюштургандарга фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Текст өзгөртүүсүз берилди.

«Кытай көп болуп кетти деген шылтоо менен баш аламандык уюштурабыз деген АШАчылар, силердин убагыңарда кытайлар келген жок беле? “Датка-Кемин”, ТЭЦ Бишкек, Бишкек-Торугарт жана башка чоң долбоорлорду кытайлар эле курбады беле? Ал долбоорлор бүткөндө баары чыгып кетишпедиби. Же калып калышты беле? Жөн эле бет тырмарлык кылыштын кереги эмне?
Темир жол салыш колубуздан келбегенден кийин ошолорго салдырып алалы да? Жумуш бүтсө азыркы иштеп аткан кытайлар деле кетет. Бизде кытайлар менен виза бар. Виза жок деп карандай калпты дагы айтып жибердиңер. Уялсаңар болбойбу? Силерге кытайлар керек эмес. Эптеп төңкөрүш кылып бийликке келиш керек экенин ачыктап алдыңар. Эл силерди колдобойт. Үмүтүңөрдү үзгүлө. Колдоп бийликке алып келгенде уурдап ит болгоңсунар. Мамлекетти сазга батырып кеткенсиңер. Эл унутса да тарых унутпайт. Так ушул эле АШАчылар, айрыкча Темирлан Султанбеков менен Кадыр Атамбаев “кытайлар батир сатып алып жатат”-деп кыйкырып жатасыңар. Себеби, чет элдик жаран батир сатып алууга мыйзам жол берет. Ал, Кыргызстандын жилищный кодексинде каралган. Жилищный кодекс Атамбаев президент болуп турган убакта 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган. Ошондон бери эле чет элдиктер үй, батирлерди сатып алып келе жатат. Мындай практика Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө бар. Мисалы Кыргызстандын жарандары деле башка өлкөлөрдөн батир, үй сатып алса болот. КМШ өлкөлөрү, Россиядан, Дубайдан, Түркиядан, Италиядан, Лондон ж.б кошуна мамлекеттерден үйлөрдү, батирлерди сатып алса болот. Бирок, чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында жер тилкесин жеке менчикке сатып ала албайт, ага мыйзам жол бербейт»,- деген Алтымышев. 

16