7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин атынан Оштогу мектептерге 62 даана интерактивдүү панелдер тапшырылды

152

Бүгүн, 24-ноябрда президент Садыр Жапаровдун атынан Ош шаарынын мектептерине 62 даана интерактивдүү панелдер тапшырылды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын № 41 Х.Абдуллаев жана № 1 Федченко атындагы мектептерине президенттин атынан жалпы суммасы 12 миллион 400 миң сомдук 62 даана интерактивдүү панель тапшырылды.

Жабдууларды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бул камкордук мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Учур талабына жооп берген, мугалимдин ишин жеңилдеткен, окуучунун кызыгуусун арттырган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү – бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин 8 билим берүү мекемесине 14 интерактивдүү панель берилген. Алдыда дагы өлкө башчынын атынан заманбап жабдык менен камсыздоо улантылат.

153