7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрү 3 күн бою маал-маалы менен жабылат

174
25-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Убактылуу чектөөлөр Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.
ИИМ төмөнкү көчөлөр жабыларын билдирди:
-«Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
-Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
-Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
-Ж. Абдрахманов, С. Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
175