7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бексултан Токонов Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору болуп дайыналды

316

Токонов Бексултан Тынычбекович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Бексултан Токонов 1987-жылы туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун бажы органдарында баштап, кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (Финполицияда) ишин уланткан. Ал жерде тергөөчүдөн бөлүм башчысына чейинки жолду басып өткөн.

2023-жылдан тарта президенттин Иш башкармалыгында эмгектенип келген, алгач референт, андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

317