7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сасык тумоонун кесепетинен Тез жардам кызматына чалуулардын саны 3 эсе өстү

254

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу борбордогу Медициналык тез жардам борборуна кайрылгандардын саны үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Искендер Шаяхметов жергиликтүү маалыматтык агенттиктердин бирине билдирген.

Анын айтымында, суткалык чалуулар буга чейин күнүнө 1100-1200 болсо, бир күн мурун 3 миң 238 чалуу, кечээ 2 миң 699 чалуу болду. Анын ичинее 951 чукул чалуу болгон.

Тилекке каршы, 303 кечигүүлөр болгон, алар 4 сааттан 6 саатка чейин кечигишкен.

“План боюнча 43 бригада иштеши керек болчу, бирок чындыгында 40ы гана кезекке турду. Тилекке каршы, биздин дарыгерлер да ооруп жаткандыктан, эки бригаданын штаты жетишсиз болуп калды. Ошого карабастан, бардык чалууларды кабыл алганга аракет кылып жатабыз», — деди Искендер Шаяхметов.

Ал белгилегендей, учурда сасык тумоо катуу жүрүп, дене табы көтөрүлүп, аны менен күрөшүү кыйын бойдон калууда.

255