Кыргызстан менен Россиянын тыгыз кызматташуусуна кадам ташталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мурдагы тышкы иштер министри, Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.
Анын айтымында, Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары маанилүү жана жемиштүү болот деп күтүлүүдө.
Аликбек Жекшенкулов белгилегендей, делегациянын курамы эки өлкө ортосундагы бир катар тармактарда алакаларды бекемдөө боюнча келишимдерге жетишилеринен кабар берет.
“Менин оюмча, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки мамлекеттин кызматташтыгын дагы да арттырууга чоң кадам болуп жатат. Биринчиден, сапардын алкагында бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Экинчиден, орус делегациянын курамы да маанилүү десек болот. Анда вице-премьер-министр башында турган ички иштер, экономикалык өнүгүү министрлери, Борбордук банктын төрайымы, «Росатомдун» башкы директору, ири бизнес өкүлдөрү жана башкалар бар. Бул Россиянын Кыргызстан менен кызматташтыгын бекемдөөгө умтулганынан кабар берет. Ошондой эле экономика, коопсуздук, билим берүү жаатында болобу, эки өлкөнүн алакасы мамлекеттерге пайдалуу, чогуу иш-чараларды көрө тургандыгын айгинелеп турат. Эки президент билдирүүгө кол коёт. Ал жерде коопсуздуктан баштап, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда тыгыз кызматташууга басым жасалмакчы”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрда мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери бүгүн, 26-ноябрда актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоону талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.



