7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин: Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Россиянын ишенимдүү өнөктөшү

6

Россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташуудагы, өз каражаттарын кыргыз экономикасына салуудагы ишеними сиздердин күч-аракеттериңиздер жана ички саясаттагы оң динамика менен байланыштуу. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен кеңири курамда сүйлөшүү учурунда белгиледи.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Россиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын канааттануу менен билдирди.

«Бул биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарыбызды мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги шарттардын бири. Ошондой эле Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6 пайызга көбөйүп, рекорддук $4,1 миллиардга жеткен. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында дагы 17 пайыз кошулган. Азыртадан эле бардык төлөмдөрдүн 97 пайызы улуттук валютада жүргүзүлөт. Сиз Россия инвестициялары тууралуу айттыңыз. Чынында эле инвестициялар да өсүп, дээрлик $2 млрд жетти. Республикада Россиянын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат», — деди Путин.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

7