7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдогу жаңы административдик имараттын курулушу аяктап калды

7

Ысык-Көл: Караколдогу жаңы административдик имараттын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аймактардагы эскилиги жеткен архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттар курулуп жатат.

Ал эми Каракол шаарынын Коенкөзов 1 дарегиндеги Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын эки кабаттуу, жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Жалпы аянты 703,95 чарчы метр.

Имараттын негизги бөлүктөрү:

• Биринчи кабат: бирдиктүу терезе, мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы жана мамлекеттик экспертиза бөлмөлөрү, жыйындар залы, санитардык бөлмөлөр, ашкана, конференц-зал, майыптыгы бар жарандар үчүн пандус каралган.

• Экинчи кабат: Башкармалыктын жетекчилери, бухгалтерия, кадровик секторлор үчүн бөлмөлөр каралган.

• Жертөлө кабаты: жалпы архив, курулуш материалдарын сактоо жана кабыл алуу бөлмөлөрү, ошондой эле техникалык бөлмөлөр болот.

Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар жана жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр камсыздалат.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондон ашык жаңы административдик имараттар салынып жатат.

8