7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

8

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-ноябрда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын тунгуч Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.
9