7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаровдун Путин менен болгон жолугушуусунан кийинки ЖМКлар үчүн билдирүүсү

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Айымдар жана мырзалар,

Россия Федерациясынын президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келишине чын жүрөктөн кубанычта экенибизди дагы бир жолу билдирем.

Урматтуу Владимир Владимирович, сиздин сапарыңыз биздин өлкөлөрдүн ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын жыйырма беш жылдыгына туш келгени символикалуу.

Кыргыз-Россия өз ара мамилелери биздин элдердин кылымдардан келген достугуна, тыгыз маданий-гуманитардык байланыштарына жана жалпы тарыхый мурасына негизделген.

Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастагым келет.

Өзгөчө белгилей кетсем, бул өнөктөштүк биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Кечээ бейформал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз урматтуу Владимир Владимирович менен күн тартибинин кеңири багыттары боюнча актуалдуу маселелерди талкууладык.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, үстүбүздөгү жылдын июль айында Москвада өткөн жолугушуубуздун жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулардын аткарылышын деталдуу талдап чыктык.

Бүгүн эки өлкөнүн негизги министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген форматта салттуу түрдөгү ишенимдүү маанайда маселелердин кеңири комплексин карап чыктык. Көптөгөн маселелер боюнча алдыга карай ийгиликтүү жылыш бар экенин белгиледик, айрым багыттар боюнча тиешелүү тапшырмаларды бердик.

Жалпысынан айтканда, биз дээрлик бардык деңгээлдеги өз ара кызматташтыгыбызга жогору, оң баа бергенибизди белгилегим келет.

Биздин мамлекеттик органдарга эки тараптуу күн тартибин жаңы келечектүү тармактар менен толуктоо жана өз ара кызыкчылыктардын жаңы багыттарын аныктоо үчүн биргелешкен аракеттерди тездетүү боюнча көрсөтмө берилди.

Азыр эле сиздердин катышууңуздарда билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында эки тараптуу документтердин жаңы топтомуна кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук база 400дөн ашуун документтерди камтыйт деп канааттануу менен кошумчалайм. Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык кол коюлган документтердин мындай саны башка бир дагы чет мамлекет менен жок десем болот.

Албетте, биз макулдашуулардын маанилүү жыйынтыгы катары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара кызматташуунун негизги аспектилери белгиленген Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүнү эсептейбиз.

БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн салттуу тыгыз кызматташтыгын жогору бааладык.

Эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги көптөгөн негизги маселелер боюнча биздин мамилебиз окшош.

Россия тарапка үстүбүздөгү жылы ЖККУдагы төрагалыгыбыз мезгилинде жүргүзүлгөн биргелешкен жемиштүү иш үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында да ушундай эле өз ара аракеттенүүгө үмүт артабыз.

Биз Кант шаарында жайгашкан Россиянын авиациялык базасы ЖККУнун Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн маанилүү бөлүгү жана Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздоодо олуттуу фактор катары кызмат кылат деген бир пикирде турабыз.

Соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурдук.

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын эске сала кетейин. Анын үлүшү жалпы товар жүгүртүүнүн 22%ын түзөт.

Башкача айтканда, өлкөбүздүн тышкы соодасынын дээрлик төрттөн бири Россиянын үлүшүнө таандык.

Биз өз ара сооданын көлөмүн жакынкы жылдары 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөгөн жалпы максатыбызга карай туруктуу бара жатканыбызды канааттануу менен белгиледик.

Инвестиция маселеси өзгөчө мааниге ээ.

Россиянын түз инвестициялары быйылкы жылдын алты айында 110 миллион АКШ долларын түздү. Биз Кыргызстандын рыногун изилдөөгө жана иш алып барууга кызыккан россиялык ишкерлерди ар дайым кубаттайбыз жана алардын ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз.

2025-жылдын ноябрына карата Кыргызстанда россиялык катышуусу бар 1800дөн ашуун компания иштеп жатат. Бул өлкөбүздөгү бардык чет элдик компаниялардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Өз ара кызматташтыкка дем берүү максатында Кыргызстанда Россиялык инвесторлор ассоциациясын түзүү боюнча россиялык өнөктөштөрүбүздүн демилгесин толук колдойбуз.

Бул Ассоциация биздин бизнес коомчулуктардын, россиялык инвесторлор менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ортосундагы натыйжалуу диалог аянтчасына айланат.

Биз ошондой эле Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын акыркы жыйынынын жыйынтыктарын карап чыктык.

Эки тараптуу экономикалык алакаларды өнүктүрүүдө негизги драйверлердин бири болуп калган Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине жогору баа бердик.

Түзүлгөн күндөн тартып Фонд Кыргызстандын экономикасына бир миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салып, республиканын аймагындагы үч жарым миңден ашуун долбоорду каржылады.

Натыйжада инвестициялардын жалпы көлөмү Фонддун баштапкы уставдык капиталынан эки эсеге көбөйдү.

Бүгүнкү күндө Фонддун катышуусу менен жалпы суммасы 175 миллион АКШ долларынан ашык болгон 14 гидроэнергетикалык жана кайра жаралуучу энергия булактарынын курулушу каржыланууда.

Евразиялык өнүктүрүү банкы жана Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмаштык.

Салтка ылайык, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бул жааттагы жемиштүү кызматташуу да белгиленди.

Россиянын ЖОЖдорунда он алты миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат, алардын жарымы россиялык тараптын эсебинен бюджеттик негизде окушат.

Республикада жогорку билим берүү флагмандарынын бири болгон Кыргыз-Россия Славян университетин илимий жана техникалык жактан модернизациялоо боюнча кеңири пландарды канааттануу менен белгиледик.

Бүгүнкү университеттин жаңы кампусун куруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу бул маанилүү иштин башталышы болду.

Владимир Владимирович экөөбүздүн Кыргыз Республикасында тогуз мектеп куруу боюнча масштабдуу социалдык маанилүү демилгебиз ырааттуу ишке ашырылууда, алардын үчөөнү 2027-жылы ачуу пландалууда.

Пушкиндин, Толстойдун гана эмес, улуу жазуучубуз Айтматовдун да тили болгон орус тилине аяр мамиле сакталууда.

“Чет өлкөдөгү россиялык мугалим” гуманитардык долбоору өзүнүн жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөтүүдө, анын алкагында Россиядан келген мугалимдер Кыргызстандын аймактарында орус тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүшөт.

«Россотрудничество” жана “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун линиясы боюнча өлкөнүн социалдык чөйрөсү үчүн маанилүү болгон көптөгөн биргелешкен долбоорлор бар.

«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун демилгеси жана толук колдоосу менен август айында борборубузда Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азия боюнча эң ири «Евразия» үй-бүлөлүк эс алуу паркы ачылды.

Тапшырмабыз боюнча, биздин өлкөлөр эки мамлекеттин билим берүү системаларынын мыкты тажрыйбаларын интеграциялоонун негизинде билим берүү мейкиндигин түзүүгө киришти.

Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы маданий байланыштар да активдүү өнүгүп, кеңейүүдө.

Россияда жана Кыргызстанда биздин өлкөлөрдүн маданият күндөрү ийгиликтүү жана көрүүчүлөр тарабынан зор кызыгуу менен өттү.

Жакын арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды бекемдөөгө чоң салым кошот.

Бул демилгени ишке ашырууда көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү колдоосу үчүн россиялык досторубузга ыраазычылык билдиребиз.

Ошондой эле миграция чөйрөсү да талкууланды.

Россиянын аймагында мекендештерибиздин мыйзамдуу түрдө болушун камсыз кылууга, аларга татыктуу эмгек шарттарын жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталды.

Бул маанилүү багытта компетенттүү министрликтерибиздин линиясы боюнча мындан ары да иштөө боюнча макулдашылды.

Урматтуу Владимир Владимирович,

Сиздин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарыңыздын жыйынтыгы кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.

Сиздин сапарыңыз кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өзгөчө бекемдигин дагы бир жолу тастыктап, алардын мындан ары тереңдешине олуттуу түрткү берди деп ишенем”.

10