7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Беларустун коргоо министрлери кызматташуу планына кол койду

311

Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыкты бекемдөөчү дарамети чоң. Бул туурасында КР коргоо министри Руслан Мукамбетов беларустук кесиптеши Виктор Хренин менен жолугушуусунда билдирди. 

Хренин Бишкекке тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ЖККУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген. 

“Биздин мамиле сый-урматтын, өз ара кызматташтыктын негизинде курулган”, — деди Мукамбетов. 

Министрлер аскер кызматкерлининин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн санаторий-курорттук дарылануусун талкуулашты. Ошондой эле кадр даярдоо, тажрыйба алмашуу пландары макулдашылды.

312