Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу жемиштүү жана иштиктүү кырдаалда өтүп, анда Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыгы талкууланды.
Аймактык коопсуздукту чыңдоо, жамааттык коргонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, тышкы саясий аракеттерди координациялоо жана азыркы коопсуздук чакырыктарына каршы туруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуусунун стратегиялык багыттары, трансулуттук коркунучтарга, анын ичинде терроризмге жана кибер коркунучтарга каршы туруу чаралары боюнча пикир алмашты.
Жыйындын жыйынтыгында жамааттык коопсуздук механизмдерин мындан ары бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, Баңгизатка каршы стратегия жана жакынкы беш жылга аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды. Ошондой эле ЖККУнун КМШ жана ШКУ сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Кыргызстандын төрагалыгы жогорку деңгээлде уюштурулган иши, ачык диалогу, сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу жүргүзүлүшү жана бардык мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына көңүл буруусу менен өзгөчөлөндү. Кыргыз тарап тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында өз ара ишенимди чыңдоонун, биргелешкен аракеттерди координациялоонун жана келип чыккан коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруунун маанисин баса белгиледи.



