КР УКМК жана Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк продукциялары жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын кампаларында жасалма продукциялардын ири партиялары аныкталып, кармалгандан кийин КР УКМК тарабынан мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү иштери демилгеленген.
Өз кезегинде, КР Жаратылыш ресурстары министрлигинин «Бишкек-Аламүдүн» аймактык башкармалыгы тарабынан мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар менен товарларды жок кылуу ыкмалары жана орду боюнча оң корутунду берилген.
Жок кылуунун бекитилген ыкмалары:
— Суюк продукциялар (соустар, майлар) щелочтоо (акиташ менен суюлтуу) аркылуу зыянсыздандырылат. Лабораториялык анализден кийин алар борбордук канализация системасына агызылат;
— Пластик жана айнек идиштери кайра иштетүүчү жайларга жөнөтүлөт;
— Темир банкалары кайра иштетилет;
— Кайра иштетүүгө жараксыз таңгактар жана тамак-аш калдыктары атайын өрттөөчү жайда өрттөлөт же атайын полигонго көмүү жолу менен жок кылынат.



