7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтоосуз кол чабуулар. Казак эли “Жамийла” мюзиклин жакшы кабыл алышты

321

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Алматы шаарында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде коюлган мюзиклдин бет ачарына катышты.

Казакстандын Мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Тынымбайулы Карин өзүнүн расмий кайрылуусунда эки мамлекеттин маданий кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин белгиледи.

Марат Иманкулов өз кезегинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз жана казак элдеринин руханий байланышын бекемдөөдө өзгөчө ролду ойной турганын баса белгилеп, Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын билдирди.

Ал ошондой эле Алматы шаарында «Жамийла» мюзиклинин коюлушу боордош эки элдин маданий биримдигинин дагы бир белгиси экенин ырастап, кыргыз чыгармачыл тобуна жана казакстандык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.

322