7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз иштеген жеке медклиникалар аныкталды

369

Бишкекте мыйзамсыз медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик салыктык текшерүү учурунда жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган.

Ошондой эле аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын медициналык буюмдар реестрине киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган. Кутулардагы «медициналык буюм» деген оригиналдуу марканын үстүнөн «косметикалык каражат» деген этикеткалар чапталган.

Салык кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 млн сом калдык алынды.

370