Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Гонконгдогу ири өрттөн адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Кайрылуусунда мамлекет башчысы ондогон адамдардын өмүрүн алган бул трагедия тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи. Ал Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетүүсүн каалады.
Эске салсак, 26-ноябрда Гонконгдо акыркы жылдардагы эң ири өрт чыкты. Өрт тутанып, тез эле 31 кабаттуу сегиз имараттын баарын каптап кеткен. Комплексте 4 миңге чейин адам жашайт. Кырсыктын кесепетинен 55 адам каза болуп, дагы 279 тургун дайынсыз жоголгондор катары эсептелүүдө.



